Баткенде 60 үйдүн курулушу аяктап 15 үй колдонууга берилди

94

Баткенде  60 үйдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба агенттигинин статс-катчысы Самат Борубаев билдирди.

Анын айтымында, 15 үй колдонууга берилди. 140 үйдүн ичинен 60 үйдүн курулуш аяктады, 15 үй-бүлө жаңы турак жайга көчүп киришти.

Учурда Лейлек районунун Максат айылында гана курулуш иштери жүргөнү маалымдалды.

Баардыгы болуп Баткен облусунда 11 айыл жабыркаган, 120 үй, 84 социалдык объект бузулган, алардын арасында мектеп, ФАП, бала бакча, ИИМдин имараты, төрт чек ара заставасы, медборбор, стаматологиялык борбор, эки дарыкана, өрт өчүрүүчү бөлүк, 27 май куючу жай, 34 соода объекти, 5 ашкана жана үч тойкана бар.

Жалпы келтирилген чыгым 1 миллиард 300 миллион сомду түзгөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь