ЖКда Баткендеги чек араны кайтарган элдик кошуундарга кысым көрсөтпөө маселеси көтөрүлдү

164

Өлкөнүн укук коргоо органдары кыргыз-тажик чек арасын кайтарууга жардам берген элдик кошуундарга кысым көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу депутат Карамат Орозова парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Ички иштер башкармалыгы ыктыярдуу элдик кошуундардын өкүлдөрүн суракка чакыра баштады.

«Чек араны кайтарууга алардын өзүлөрүнүн күчү жана каражаттары жетишсиз. Ал эми жардам бергендерди  суракка чакырышат. Азыр кысым көрсөтүлө баштады. Эмнеге жаш патриотторду сындырып жатасыңар? Буга чейин Көк-Таштын тургундары суракка чакырылган », – деди Карамат Орозова.

Эскерте кетсек, 26-июлда Баткен ОИИБи акыркы үч айда чек ара аймактарын аткезчилик жүк менен кайтарып жүргөн Баткен районунун Ак-Татыр айылынын тургундарын суракка алуу үчүн ыктыярдуу элдик кошуундардын 13 мүчөсүн чакырган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь