Бүгүн парламентте депутат Рыскелди Момбеков президент турак жайларды эки айда куруп бүтүүнү убадалаганын айтып, аткаминерлердин ишин сынга алды. Чек ара маселеси боюнча убадалар берилип, чечилбегенин Баткен элине учурда кепилдик жана женилдиктерди берүү керектигин билдирди.

“Чек ара маселесин 100 пайыз чечтик деп өзүңөрдү өзүңөр пиар кылып жатасыңар”, — деп өкмөттү сынга алды.

“Эки айдын ичинде курулуш иштери бүтүп, үйүнө кирет деп убада бербедиңер беле, үч ай болду. Президенттин тапшырмасын аткарган жоксуңар. Каражатты убагында которгон жоксуңар. Алты айлык бюджетти 560 миллион сом профицит менен чыктык деп жатасыңар. Анда Баткенге бербейсиңерби ошол акчаны. Ниетиңер да, программаңар да жок. Тажикстан үйлөрдү куруп жарандарын киргизип койду”, — деди Момбеков.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик жаңжалынан кийин президент Садыр Жапаров Баткенге барып, жергиликтүү тургундарга турак жайларды эки  айда курууну убадалаган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: