Киров суу сактагычына ГЭС курулат
Бүгүн, 29-июлда КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков менен КРнын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жолугушту.
Жолугушууда Киров суу сактагычына ГЭС куруу долбоорун талкуулашты. “Гидропроект” ишканасынын техниги Аскар Каленовдун айтымында, учурда ГЭС курула турган аймакта геодезиялык жумуштар жүргүзүлүүдө.
Министр Доскул Бекмурзаев, ГЭС 30 мегаватт кубаттуулукта болуусу күтүлүп жатканын жана ГЭСтин келечекте ишке кирүүсү, сугат суу системасына эч кандай таасирин тийгизбээрин белгиледи.
Бакытбек Нарбеков, долбоорду демилгелеп алгачкы иш аракеттер менен жерине таанышып жаткан Доскул Бекмурзаевге, Талас элинин атынан ыраазылык билдирип. Ошондой эле, ГЭСтин курулушун ишке ашырууда жана тийиштүү иш кагаздарын мыйзамга шайкеш келтирүүдө ар тараптуу жардам берерин белгиледи.