Былтыр парламенттик шайлоого катышкан партиялар 5 млн сомдук күрөөсүн кайра алат

100

Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышкан партиялар 5 млн сомдук күрөөсүн кайра алат.

Конституциялык мыйзамга тиешелүү өзгөртүү киргизилгендигине байланыштуу партияларга шайлоо күрөөсү кайтарылат.

Былтыр  өткөн парламенттик шайлоого 16 партия катышкан. Шайлоо учурунда мыйзам бузуулар көп болуп, ал төңкөрүшкө алып келгендиктен БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таанып, жокко чыгарган.

Белгилей кетсек, «Президент жана парламент депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга «шайлоо жараксыз деп таанылган учурда президенттикке талапкерлерге, партияларга шайлоо күрөөсү кайтарылат» деген өзгөртүү киргизилип, ага президент кол койгон.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь