Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болду

5 830

Көпчүлүк коалиция бул кызматка жалгыз талапкер катары “Ата-Журт Кыргызстандан” Конгантиевди көрсөткөн.

Шайлоо бюллетень менен жашыруун түрдө добуш берүү аркылуу жүргүзүлдү.

Натыйжада депутаттардын 41инин макулдугу менен Конгантиев төрага болуп шайланды. Экөө каршы, экөө калыс добушун берди.

Конгантиев 2012-жылдан бери Бишкек шаардык кеңештин депутаты болуп келген.

Бишкек шаардык кеңешине жаңы шайланган депутаттар бүгүн мандат алып, расмий түрдө кызматка киришишти. Учурда жаңы чакырылыштын алгачкы сессиясы өтүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь