Ош унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алай районунун Ош – Сары -Таш – Эркештам унаа жолунун 93 -чакырымында (Кызыл -Коргон айылы) Тойота Исттин айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып кеткен.

 Кырсыктын кесепетинен 1970 -жылы туулган  А.К. аттуу эркек киши жана , 1971 -жылы туулган аял Т.О каза болду. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышкан. Алар машинаны жана каза болгондордун сөөктөрүн дарыядан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: