Жогорку Кеңеш 3 окууда экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

Мыйзам долбоорун кабыл алууда 3 окууда тең 81 депутат макул болду, 2 депутат каршы добуш берди. Добуш берүүгө жалпы 83 депутат катталган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров баалар жана кедейликтин деңгээли кескин көтөрүлүп кеткенде экономикага өзгөчө кырдаал режими киргизилерин билдирди.

Ал өлкө экономикасынын оор абалын белгилеп, аталган мыйзам долбоору боюнча Министрлер кабинети бюджеттеги 20 пайыз киреше жана чыгашаны Жогорку Кеңештин макулдугу жок пайдалана аларын, салыктын ставкаларын өзгөртүп, мамлекеттик сатып алуулардын шарттарын өзгөртө аларын белгиледи.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: