Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна жумушчу сапары менен барып, Бишкек—Ош унаа жолундагы реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышып, Өтмөк ашуусундагы Суусамыр—Талас—Тараз жолунун абалын текшерди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Бишкек—Ош унаа жолунун 132-141-чакырымдагы тилкесинде курулуш иштери жүрүүдө, аны менен катар 132,5-133-чакырымында асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлүп, эски жол тилкеси тегизделген.

Улукбек Марипов белгилегендей, жол оңдоо иштерин тездетүү зарыл.

Андан тышкары Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол оңдоо иштери сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жыйынтыкталышын көзөмөлгө алуусу тапшырылды. Ошондой эле жол кырсыктарын алдын алуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга жол коопсуздугун камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Бишкек—Ош унаа жолунун 132-141-чакырымына эки катмарлуу асфальт-бетон төшөө “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча жүргүзүлүүдө жана 2021-жылы республикалык бюджеттен каржыланат.

Андан соң Министрлер кабинетинин башчысы Өтмөк ашуусундагы Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун абалы менен таанышты.

Бүгүнкү күндө аталган участоктогу жол оңдоо, анын ичинде жамап-түзөө иштерине муктаж.

Министрлер кабинетинин башчысы аталган унаа жолун оңдоо иштерин каржылоо маселеси чечилгенин белгиледи.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: