Япониянын курама командасы Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында алган алтын медалдардын эсеби боюнча рекорд койду.
Оюн башталган күндөн бери япон спортчулары 17 алтын медалды утуп алышты.
Буга чейинки рекордду же 16 алтын медалды япон спортчулары 1964-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында жана 2004-жылы Афиныда өткөн оюндарда жеңип алып коюшкан эле.