Бишкек шаарынын Ленин райондук милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан жашы жете элек Б.К. атуу кызды тапты.
27-июлда борбор калаанын тургуну милицияга кайрылган. Ал 17-июлда түн ортосунда жумуштан чыгып, дайынсыз болуп жаткан 2004-жылы туулган кызы Б.Кны табууга жардам сураган.
Бул факты Ленин РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, керектүү издөө иштери жүргүзүлгөн.
Милиция кызды 30-июлда Д.Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен тапты. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери кызды ата-энесине өткөрүп, алар менен түшүндүрүү жана профилактикалык маек өткөрүлгөн.
Учурда милиция иштин жагдайларын иликтеп жатат.