Олимпиада: Жоламан Шаршенбеков алгачкы атаандашын жеңип чейрек финалга чыкты

209

Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада балбан Жоламан Шаршенбеков чейрек финалга чыкты.

Кыргызстандык балбан алгачкы беттешинде коңшу казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен кез келип, атаандашын 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Эми Жоламан чейрек финалды Молдовалык Виктор Чобану менен кез келет.

Жоламан Шаршенбеков 22 жашта. 2020-жылы дүйнө кубогунда алтын, 2018-жылы дүйнө чемпионатында күмүш байге уткан. Быйыл апрель айында Алматыда (Казакстан) өткөн лицензиялык Азия континенталдык турниринде баш байгенин ээси болуп, Олимпиадага жолдомо алган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь