Өткөн суткада 897 кишиден коронавирус табылып, 1 316 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 619;
- Ош шаары – 9;
- Чүй облусу – 66;
- Ош облусу – 6;
- Талас облусу – 8;
- Нарын облусу – 14;
- Ысык-Көл облусу – 54;
- Жалал-Абад облусу – 66;
- Баткен облусу – 55.
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 164 743кө жетти. Анын ичинен 147 377 адам дартты жеңди.
Учурда стационарда – 3 779, ал эми амбулатордук шартта 9 913 адам дарыланып жатат.