Кенжебаев Айпери менен Мээримдин атаандаштарына уттуруп коюунун негизги себебин атады (Видео)

220

Кыз-келиндер күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев Токиодо өтүп жаткан Олимпиада тууралуу жеринде маалымат берди.

Анын айтымында, Олимпиадага спортчуларды даярдоодо мамлекет үч-төрт жылдан бери бардык жагынан камсыздап, даярдык көрүүгө шарт түзүп берген.

Мындан сырткары Кенжебаев спортчулар Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова тууралуу кеп козгоп, атаандаштарынан утулуп калуунун негизги себебин атады.

“Чынын айтканда Айпери каршылашы беш жолку дүйнөнүн чемпиону деп, акырына чейин тиштеп жулуп ала турган күрөштү көрсөтө алган жок. Негизгиси 22 жаш, ал бүгүнкү күндө өскөндүгүн көрсөттү. Эми азыр колого күрөшөбүз, азыр даярдап атабыз. Экинчи кызыбыз Мээримдики деле ушундай болуп калды. Бир балга кичине ишенбестик болуп калды деп ойлойм. Эки кызыбыздын тең негизги себеби беш жолку дүйнөнүн чемпиондорун жеңе алабазбы деген ой жүрүп кетти окшойт, ошол үчүн экөө тең уттуруп коюшту”, – деди Кыз-келиндер күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти.

Белгилей кетсек, дүйнөнүн учурдагы чемпиону Тыныбекова Олимпиадада эркин күрөш боюнча 62 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашат. 1/8 финалда ал латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешет.

Ошондой эле балбан Атабек Азисбеков 1/8 финалда венгриялык Виктор Лоринц менен күрөшөт. Жогорудагы эки спортчу эртең, 3-августа килем үстүнө чыгышат.

Кошумчалай кетсек, Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь