Лейлекте күйүүчү майды Тажикстанга алып өткөн шланг табылды

74

Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары кыргыз-тажик чек арасы аркылуу күйүүчү-майлоочу майды алып өткөн шлангды табышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Шланг  Интернационал айылында аткезчиликке каршы жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө табылды.

Чек арачылар ошондой эле күйүүчү майдын калдыгы менен жүк унаасынын изин табышты.

Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин шланг жок кылынды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь