Жапаров Түркия президентине адам өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

109

Түркиянын Анталья провинциясында токой өрттөнүп, тилсиз жоо эл жашаган райондорго да өткөн. Акыркы маалыматтар боюнча, жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун саны сегизге жетти.

Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга аталган мамлекеттин бир нече провинциясында адам өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

“Түркиянын бир нече провинциясында чыккан өрттөн каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Оор мезгилде Түркия элине табигый кырсыктын кесепеттерин жеңип чыгууда кайраттуулукту жана туруктуулукту каалайм. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атыман көз жумгандардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтам. Ошондой эле жабыркагандардын баарынын тез сакайып кетишин тилейм”, — деп жазылган президенттин телеграммасында.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь