Феликс Кулов Kaktus.media сайтына Аскар Акаевдин келиши боюнча комментарий берди.
Анын айтымында, ал Аскар Акаевдин келгенин президент Садыр Жапаровдон билген. Президент Акаев Кумтөр боюнча тергөө менен келишим түзүүгө макул болгонун жана бул үчүн Бишкекке келээрин айтты. Куловдун айтымында, Акаевге азыр Кыргызстанда коркунуч жок. Кулов тергөө менен кызматташууну акылга сыярлык кадам деп атаган.
“Доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кетти, аны соттоого болбойт. Ошого карабастан, ал өз ыктыяры менен келип, тергөөгө жардам берүүгө макул болду. Бул анын жашыра турган эч нерсеси жок экенин, өзүнө ишенет жана корккон нерсеси жок экенин билдирет”, – деп билдирген.