Чычкан капчыгайында сууга агып кеткен 61 жаштагы аялды издөө иштери жүрүп жатат

195

Кечээ, 1-августта 18:00дөр чамасында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында 1 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек—Ош унаа жолунун 255-чакырымында (Мраморный тилкеси) болгон. Аталган тилкеде 1960-жылы туулган В.Д. аттуу аял Чычкан суусуна агып кеткендиги туралуу маалымат түшкөн. Ал жерге ӨКМден 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзгөн. Саат 21:20да кеч болуп калгандыгына байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн 2-август күнү 10 куткаруучу, Жаны-Жол айыл аймагынан 10 адам жана туугандарынан 20 адам тартылып, издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь