Үзүр Жусупбеков коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алды

164

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Үзүр Жусупбеков Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн таймашат. Аны 8/1 этапта утуп алган армениялык Артур Алексанян финалга чыгып, кыргызстандык балбанга көңүл жубатуучу кармашка чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Алексанян жарым финалда ирандык Мухамедхажы Саравини 4:1 эсебинде утуп алды.

97 килограмм салмакта ат салышып жаткан Үзүр Жусупбеков эми финляндиялык Арви Мартин Саволайнен менен көңүл жубатуучу кармашка чыгат. Аны утса ирандык Мухамедхажы Сарави менен коло байге талашат.

Кыргызстандык балбан баштапкы этапта Алексанянга 4:1 эсебинде утулуп калган. Коло байге  үчүн таймаштар саат 17:00 болот.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь