Социалдык тармактардын колдонуучуларын кыргыз балбаны Акжол Махмудов 2020 -жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарында утулуп калган курама командалашы Жоламан Шаршенбековду соороткон видео таасир калтырды.
1-августта Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда утулуп калган. Буга чейин ал 1/8 финалда Майрамбек Айнагуловду (Казакстан) мөөнөтүнөн мурда утуп алган.
“Досум, сабыр кыл” деди Акжол Махмудов Жоломанга. Олимпиаданын финалына ишенимдүү кадам таштаган грек-рим күрөшчүсү ага моралдык колдоо көрсөткөн, күч берген жана оюндарга болгон ишенимди берген Жоламан Шаршенбеков экенин мойнуна алды.
Бүгүн Акжол Махмудов өзү Олимпиаданын алтын медалы үчүн күрөшөт.