Атабек Азисбеков коло байге үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алды

197

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Атабек Азисбеков Олимпада оюндарынын коло байгеси үчүн ат салышат. Анткени аны баштапкы этапта жеңип алган венгриялык Виктор Лёринц финалга чыкты.

Венгер балбаны Лёринц Египеттик атаандашын 7:2 эсебинде утту.

87 килограмм салмакта күч сынашкан кыргыз балбаны Виктор Лёринцке баштапкы этапта 6:1 эсебинде утулуп калган болчу. Венгриялык спортчу финалга чыгып, Атабек Азисбеков көңүл жубатуучу таймашта германиялык Денис Кудла менен чыгат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь