Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанда аны кантип тосуп алганын көрсөттү.
Ал өзүнүн инстаграм баракчасына жайылган дасторкондун видеосун жарыялады. Ошондой эле кадрларда Садыр Жапаровдун уулу Рустам менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас тартылган.
Эске салсак, спортчу бүгүн Чолпон-Ата ипподромунда өтө турган “Eagle Fighting Championship” (EFC 38) лигасынын аралаш мушташ боюнча турниринин ардактуу коногу болот. Турнир саат 17:00дө башталат.