Кеминде унаа жана май куюучу жай өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Кемин шаарында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун жээгинде “Red Petroleum” май куюучу жайында турган жүк ташуучу “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаадан өрт чыгып, толук күйгөн.