Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Атабек Азисбеков Олимпада оюндарынын алгачкы беттешинде жеңилди.
Ал 87 килограмм салмакта күч сынашкан балбан венгриялык Виктор Лёринцке 6:1 эсебинде утулду.
Азисбеков эми венгриялык спортчунун финалга чыгышын күтөт. Эгер Лёринц финалга чыкса, кыргыз балбаны коло байге үчүн таймашууга укук алат.
Кошумчалай кетсек, Атабек Азисбеков 2019-жылы Казакстанда өткөн мелдеште Олимпиадага жолдомону утуп алган