Ош шаардык кеңешинин төрагасы болуп Салман Назылбеков шайланды

95

Ош шаардык кеңешинин төрагасы болуп “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын депутаты Салман Назылбеков шайланды. Аны Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 44тү колдоду.

Ал буга чейин Ош шаардык кеңешинин 4-чакырылышында “Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон. Ушул эле сессияда вице-спикер болуп “Биздин Кыргызстан” партиясынын лидери Шайырбек Нуранов шайланды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-августта Ош шаардык кеңешине шайланган депутаттар мандат алып, кызматка расмий түрдө киришти.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь