Президент Садыр Жапаров Токио Олимпиадасына катышып жаткан балбандар Акжол Махмудовду жана Айпери Медет кызын куттуктады.
Мамлекет башчысы куттуктоосун “Инстаграмдагы” баракчасына жазды:
“Бүтүндөй өлкө демин ичине катып, Акжол чечүүчү күрөштө ийгиликке жетишсе экен деп жан дили менен тилеп отурушат! Ошондой эле, Айпери Медет кызын дагы Олимпиадада ийгиликтүү күрөшкөндүгү менен куттуктайм. Бул жолку күрөштөр ал үчүн чоң тажрыйба жана келечектеги Олимпиадалык медалдардын башталышы болот деп ишенем!
Алга, Кыргызстан!”, – деди өлкө башчы.
Посмотреть эту публикацию в Instagram