Тоңдо региондордогу айымдардын ишмердүүлүгүн колдоо максатында жолугушуу уюштурулду (Сүрөт)

107

Тоң районунда “Убакыт келди” долбоорунун алкагында “Региондордогу айымдардын ишмердүүлүгүн колдоого” алуу максатында жолугушуу болду.

Аталган иш-чара КР вице-спикери Аида Касымалиева, Борбордук Азиядагы Аялдар Лигасынын төрайымы Асел Атабекова жана «Скай Индастриал Групп» холдинигинин негиздөөчүсү – Рахат Жунушбаева тарабынан юштурулду.

Бул иш – чара  Кыргызстандын регионалдык бизнес секторун, атап айтканда, аялдардын ишкердигин илгерилетүүгө жана колдоого багытталган. Аялдар арасында ишкердиктин пайда болушу жана өсүшү – азыркы дүйнөдө глобалдык тенденция. Көптөгөн өлкөлөр аялдардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшүп, муну экономикасын чыңдоонун каражаты катары колдонуп жатышат.

Бул долбоор ата мекендик өндүрүштү колдоого, ошондой эле ишкерлик менен алектенген ишкерлерди окутууга жана тажрыйба алмашууга багытталган. Дал ушул долбоордун алкагында менеджмент жана маркетинг жаатындагы алдыңкы эксперттерден тартып, Ысык-Көл облусунун бизнес секторунун өкүлдөрү менен жумалык насаатчылык жолугушуулар өткөрүлөт. Жолугушуунун жыйынтыгында эң активдүү катышуучуларга жана жергиликтүү ишкер айымдарга сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь