Тыныбекова жарым финалда 2021-жылдагы Европа чемпиону менен кез келет

118

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Олимпиада-2020 мелдешиндеги жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен кез келет.

Айсулуунун атаандашы Ирина Коляденко 23 жашта. Учурдагы Европа чемпиону. Мындан сырткары, ал 2019-жылдагы дүйнө биринчилигинде жана 2020-жылдагы Европа чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген.

62 килограмм салмакта ат салышкан украиналык спортчу Олимпиада-2020 мелдешинде Нигерия (баштапкы этап) жана Кытай (чейрек финал) өлкөлөрүнүн спортчуларын уткан.

Айсулуу Тыныбекова учурда 29 жашта. 2019-жылы өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон. 2020-жылдагы дүйнө кубогу мелдешинде да алтын медаль тагынган. Рио-2016 Олимпиадасына катышып, бешинчи орунга жеткен. Кыргызстандык балбан кыз Азиянын төрт жолку  чемпиону.

Азыркы тапта Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун рейтингинде 62 килограмм салмактагы балбан кыздардын арасында биринчи орунда турат.

Айсулуу чейрек финалда румыниялык, баштапкы этапта латвиялык спортчуларды жеңди.

Жарым финалык таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө болот.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь