Олимпиаданын медалдык зачетунда Кыргызстан Борбор Азия боюнча 2-орунга чыкты

1 908

Кыргызстандын курама командасы Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында медалдык зачет боюнча 64-орунга көтөрүлдү.

Кыргызстандын командасы мындай жыйынтыкка Акжол Махмудов күмүш жана Мээрим Жуманазарова коло медалды жеңип алгандан кийин ээ болду.

Медалдык зачетто биринчи орунду Кытай ээлеп турат, анын медаль куржунунда 32 алтын, 20 күмүш, 16 коло бар. Кийинки катарды АКШ (24-28-21) турат, үчүнчү катарды Япония (19-6-11) ээледи.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан экинчи орунда турат. Биринчи орунду эки алтын жана бир коло менен Өзбекстан ээледи. Ал медалдык зачетто 28-катарда турат.Түркмөнстан бир күмүш алды (медалдык зачетто 70-орун) жана Казакстан (75-орун) үч коло утуп алды. Тажикстандын спортчулары Олимпиададан медаль албай кайтты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь