Россиялык “Пятница” телеканалында өтүп жатан “Кондитер” долбоорунун суперфиналына Москвада иштеген Анара Мурзакулова өтүп кетти. Сынактын жеңүүчүсү 1 миллион рубль байге алат.

Алып баруучу жана белгилүү кондитер Ренат Агзамов тортту ооз тийип көрөрү менен анын укмуштуу даамын көрүүчүлөргө кантип сүрөттөп берерин билбей жатканын айтты.

Көрүүчү Анараны, тортту көрүп турат. Бирок мен азыр кандай даамды сезгенимди билбейт. Мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Долбоордун буга чейин беш сезонунда тең шоколаддан жасалган мынчалык даамдуу торт жеп көргөн эмесмин. Анара өз ишинин мыктысы, гений экен. Керемет!” — деди алып баруучу.

Калыстар тобунун башка эки мүчөсү дагы Мырзакулованын эмгегине жогору баа беришти.

Финалда анын россиялык актириса Наталья Медведеванын заказы менен жасаган тоонун жана анын жанында отурган адамдардын формасында жасаган торту дагы калыстар тобунун купулуна толгон.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: