Бишкек шаарынын тургуну Марина Сколышева белгисиз бирөө ага ыдык көрсөткөнүн айтты. Ал өзүнүн Instagram баракчасында билдиргендей, окуя бүгүн, 14-августта Горький менен Фатьянов көчөлөрүнүн кесилишинде (№29 мектеп-гимназиянын жанында) болжол менен саат 12:30 чамасында болгон.

Шаар тургунунун айтымында, ал көчөдө баратканда алдынан бир киши улгайган аялдын коштоосунда чыккан.

“Жаныман өтүп бара жатып, ал дароо мен тарапка кайрылып колун эки бутумдун ортосуна салып жиберди. Анан ал басып кетти. Жетип барып чыр салдым. Улгайган аял кийлигишип, тиги акмак адам үчүн кечирим сурады. Мындайга кечирим болбошу керек деп эсептейм”,- деп жазат Сколышева.

Ыдыкка кабылган кыз кадимкидей джинсы шым, футболка кийип жүргөнүн айтат.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: