Интернет желесинде Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы аэропортто кутучанын ичинде калып кетип, ыйлап жаткан наристенин сүрөтү пайда болду. Дүйнө эли ымыркайдын тагдырына тынчсызданып, боору ооруда.

Дүйнөлүк маалымат каражаттары көптөгөн адамдардын жүрөгүн ооруткан сүрөт тууралуу жазып жатышат. Анда кыска ак көйнөк кийген наристе көк түстөгү азык -түлүк себетинде ыйлап жатканы көрсөтүлгөн.

Орус маалымат каражаттарынын жазышынча, ымыркай Ооганстандын борбору Кабулдагы аэропорттун учуу тилкесинде калып кеткен.

Сүрөттө анын тикенек зымдын жанында жатканын да көрүүгө болот. Интернет колдонуучулар ымыркайдын тагдырына тынчсызданып, ар кандай пикирлерди билдирүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
2
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: