2001 -жылы каза болгон талаа командиринин уулу Ахмад Шах Масуддун уулу талибтерге каршы күрөш баштап, башчылыкта өзү болорун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ооганстандын мурдагы коргоо министринин уулу жана “Панжшир арстаны” деп аталган талаа командиринин уулу Ахмад Масуд талиптерге (Кыргызстанда жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм) каршы күрөштү колго алды. Бул тууралуу ал “La Regle du jeu” журналына жарыяланган кайрылуусунда айтты. Ал ошондой эле ыктыярчыларды Панджшердеги армиясына чакырды. Белгилей кетсек, Панджшер – талиптердин колуна түшпөгөн жалгыз облус.

“Ооган элинин эркиндиги үчүн күрөш улуттук баатыр жана командир Масуд атамдан келди. Эми бул күрөш менин күрөшүм, артка жол жок. Биз элдерди жалгыз эркин, жок болуп кетүү коркунучунда турган Панжшерге кошулууга чакырабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ал ошондой эле Европанын бир катар өлкөлөрүнөн жардам күтөөрүн айтты.

Эске сала кетсек, президент Ашраф Гани 15 -августта талибдер Кабулга киргенден кийин кызматын токтотуп, өлкөдөн чыгып кеткен.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: