Душанбеде 16-августка карата АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри орточо эсеп менен 10 сомониге, газ – 7,2 сомониге (1 доллар 11 сомони) бааланган. Ошол эле учурда, газды май куюучу жайлардын баарында эле кездештирүүгө болбойт, башкаларда кезек жаралды.

“Азия Плюс” кабарлагандай, коомдук транспорттордо жана таксилерде жол кире кымбаттай элек, бирок айдоочулар мындай күйүүчү майдын баасы менен иштөөнүн дээрлик эч кандай мааниси жоктугуна нааразы.

Ал арада борбор калаада коомдук транспортто жүрүүнүн баасын жогорулатуу маселесин карап жатышат.

Бохтар жана ага жакын аймактарда 16-августка карата газдын 1 литри 7-7,2 сомониге, АИ-92 бензини 9,8-10 сомониге бааланган. Азия-Плюстун маалыматы боюнча, аймактагы май куюучу жайлардын 70%да газ жок, калган 30%да кезекте турат. Май куюучу жайдын запасы бат эле түгөнүп баратат. Аталган аймакта, Худжанда таксинин баасы кымбаттады.

Тажикстанда күйүүчү майдын баасынын олуттуу жогорулашы март айында башталган. Статистика боюнча, суюлтулган газдын 90% дан ашыгы Тажикстанга Казакстандан берилген. Бирок 2021-жылдын башынан бери техникалык себептерден улам, мунай иштетүүчү ири заводдордун бири Атырау бул өлкөдө ишин токтотту. Ал эми 3-марттан тарта Казакстандын өкмөтү газды экспорттоого тыюу салуу чечимин кабыл алган. Казакстан Тажикстандын Энергетика министрлигине 2021-жылдын аягына чейин газ берүүнү токтотоору тууралуу эскертүү кат жөнөткөнүн Азия-Плюс өздүк булактарына таянып маалымдады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: