Кабул аэропортундагы тыгындан жана ок атылуудан жаракат алып жана каза болгондордун саны 40тан ашты. Бул туурасында “Талибан” кыймылынын командири Мохибулла Хекмат кабарлады. Командир элге чет өлкөгө чыгуу жөнүндөгү жалган ушактарга алданып калбоо керектигин айтып, аэропортко келбөөнү суранды. Ал оогандыктар үйлөрүн таштап кетпеши керек, ошондо жарандар эч кандай көйгөйгө туш болбойт деп түшүндүрдү.

“Алар чет өлкөлүктөрдүн учактарына жармашпашы керек, кечээ аэропортто 30дан 40ка чейин киши каза болуп, жарадар болгон. Бардыгы үйлөрүндө калсын, аларга эч кандай маселе жаралбайт”, – деди Хекмат.

Талиптер Ооганстанда туруктуу тынчтыкты жана прогрессти орнотуу үчүн бардык күчүн жумшап жатышат деп маалымдады оогандык  Tolo News телеканалы.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: