Депутат Дастан Бекешев абакта отурган Темир Сариевге жолугуп чыкканын телеграм-каналында билдирди. Ал Сариевге Рим императору Марк Аврелийдин «Өзүм менен өзүм» китебин берген.

«Ден соолугун сурадым. Ал өзүн сергек сезип жатат. Арийне, ден соолугу өтө идеалдуу эмес. Спорт менен алектенүүгө аракет кылып жатат, маанайы жакшы», — дейт ал.

Белгилей кетсек, УКМК Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Темир Сариевди “Кендеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан” деген айып менен 3-августта кармаган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: