Оперативдүү бажысынын кызматкерлери наркы 2 300 000 сом болгон контрабанда жүгүн кармап алышты.

ЕАЭБдин бажы аймагы аркылуу товарларды жана транспорткаражаттарын мыйзамсыз ташып өтүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө, Оперативдүү бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунда КР жараны «А. у М.» башкаруусунда «DAF» үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулган.

Транспорт каражатын кароодо – “Лазер” үлгүсүндөгү ак күрүч товары табылган. Күрүчтүн жалпы салмагы 23 000 кг, ал эми наркы 2 300 000 сомду түздү. Товар Кыргызстанга чектеш мамлекеттен ЕАЭБдин мыйзамдарын бузуу менен ташылып киргизилген.Бул факт КЖБР МЭЖ АМСта катталган, иликтөөнүн жыйынтыгыбоюнча мамлекетке жалпы суммасы 539 350 сомду түзгөн материалдык зыяндын орду толтурулду.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: