Ооган жаштар командасынын мүчөсү Заки Анвари өлкөдөн качып кетүүгө аракет кылып, учакка жабышкандардын бири болгон. Бирок, бул окуянын аягы кайгылуу аяктады деп жазат “Известия” басылмасы.

Басылманын маалыматы боюнча, мындай маалыматты журналист Бабак Тагвэй Twitter баракчасына жазган. Жаш спортчу С-17А америкалык аскер учагынан кулап жабыркагандардын бири болгон.

17-августта Reuters агенттиги Би-Би-Сиге шилтеме берүү менен Кабулдан С-17 учагынын конуучу түзүлүшүнөн өлгөн адамдын сөөгү табылганын билдирген.

Ошол эле күнү интернетке адамдардын учактан кулап түшкөн видеосу тараган. Кошумчалай кетсек, учактын ичинен тартылган дагы бир видеодо адамдын канатка жармашканы тартылган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: