Милиция кызматкерлери Жалал-Абад шаарында “Кайырчы” рейдин өткөрдү. Маалыматка ылайык, 19-августта Ленин көчөсүндөгү рейддин жүрүшүндө кайыр сурап жүргөн 43 адамды аныкташкан. Көрсө, алардын баары ушул көчөдөн бир үйдү ижарага алып, чогуу жашашат экен. Баары райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Документтерди текшерүүдө алардын 24ү Өзбекстандын жарандары экени, 19у Ош облусунун Кара-Суу районунан келгени аныкталган. Алар цыгандар болгон.

Тилемчилердин арасында 70 жаштагы карыя, 18 жашы жете элек балдар жана төртөө ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер болгон. Милиционерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өзбектерди Өзбекстан Республикасына чыгарышты.

.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: