Татарстандын борбору Казанда 5-10-сентябрда өтчү мусулман элдеринин 17-кинофестивалы орусиялык режиссёр Григорий Нахапетовдун “” аттуу даректүү тасмасы менен ачылат.

Аталган кинофестивалдын интернет баракчасында бул иш-чара өз тарыхында биринчи жолу даректүү тасма менен ачылып жатканы кабарланды.

Фестивалга 45 өлкөдөн кино-тасмалар сунушталат.

Орусия, Франция, Испания, Кытай, Белгия, Жапония, Катар, Болгария, Алжир, Өзбекстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн тасмалары көрсөтүлөт.

Бул фестивалга Кыргызстандан режиссер Айпери Усманованын «Кыз бала» жана Лунара Жээнбекованын «Эгиздер тогуздан кийин» аттуу кыска метраждуу тасмалары катышат. 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: