Өз өлкөсүн талиптерге каршы коргоого бел байлаган оогандар Батыш өлкөлөрүнөн курал -жарак менен камсыздоону суранышууда, деп жазат РИА Новости.

Азыр Афганистанда талиптер баса элек жалгыз гана Панджшер провинциясы калды. Дал ошол жерде Ахмад Масуд талиптерге каршы турууну каалаган өзүнүн куралдуу тобун чогулткан. Масуддун айтымында, Америка Кошмо Штаттары жана анын союздаштары “согуш талаасын таштап кетишти”, бирок Америка баары бир “демократиянын улуу арсеналы” боло алат.

Ушул максатта мен Батыштагы Афганистандын досторуна кайрылам, бизди Вашингтон менен Нью-Йоркто, Конгресстин алдында жана Байдендин администрациясынын алдында, мен окуумду бүтүргөн Лондондо жана Парижде биз тарапка туруп берүүсүн суранам“, – деди Масуд.

Азырынча ооган армиясынын жана атайын күчтөрүнүн согушкерлери Масуддун чакырыгына жооп берип, Панджшерге курал-жарак жана техниканы алып бара жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: