Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, учурда тергөө абагында жаткан Фарид Ниязовдун жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарыяланган кайрылуусунда УКМК жана ИИМ органдарын айыптоо аракети жана ошондой эле өзүн күнөөсүз «жабырлануучу» катары көрсөтүүсүнө УКМК жооп берди. УКМК ал өзүн элге саясий туткун жана күнөөсү жок болсо да жабыркап турган адам катары көрсөткүсү келип жатканын билдирди.

Коомчулукка белгилүү болгондой, тергөө органдары Ниязовго бийликте турган мезгилде мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына зыян келтирген мыйзамсыз аракеттери үчүн Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча айып тагылган.

Азыркы учурда, коомчулукка белгилүү болгондон тышкары, Ниязовдун сот караган негизги айыпталуучулардын бири болгон кылмыш иштерине байланыштуу ал камакта, жана ошондой эле ИИМ тергөө органдары тарабынан чет өлкөлүктөргө кыргыз жарандарынын паспортун мыйзамсыз берүү фактыларына катыштыгы боюнча кылмыш иши тергелип жатат.

Тергөө иши аяктоо стадиясында жана кароого сотко өткөрүлүп берилди, анын жыйынтыгында Ниязовго тиешелүү юридикалык баа берилмекчи.

Буга байланыштуу, УКМК Ниязовго негизсиз айыптоолордун ордуна, мурдагы ишмердүүлүгүн аркасы менен кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын талдоосуна кеңеш берет.

18-августта Ниязов “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүүгө байланыштуу козголгон кылмыш иши тууралуу пикирин билдирип, аны УКМКнын жана ИИМдин жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалаган. Ал “Кыргызстандын жаранын чет өлкөлүк атайын кызматтарга уурдатып жиберип, эми коомчулуктун көңүлүн башкага буруу аракети болуп жатат” деген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: