Бүгүн, 19-август таң эрте Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичди, андан соң Куба республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси Хулио Антонио Гармендия Пеньяны тосуп алды.

19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Иш-чарага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышышат.

Жыйынга байкоочу катары Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Куба Республикасынын Премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышышат.

Өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны тар жана кеңейтилген форматта өтөт. Өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоо, товарларды ташып чыгууда белгиленген бир жактуу тарифтик эмес чараларды жакындатуу маселелерин, ошондой эле экспорттук бажы алымдарын карашат. Мындан тышкары, шайкештикти баалоо чөйрөсүндө аккредитациялоо боюнча Евразия аймактык уюмун түзүү маселеси жана күн тартибиндеги башка бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: