Ысык-Көл ОИИБи: Жети-Өгүз районунда жергиликтүү тургундарды 2 миллиондон ашык сомго алдап кеткен жаран кармалды

Жети-Өгүз РИИБне Барскоон айылынын тургуну арыз менен кайрылып, август айынын башында «Али» аттуу жаран, андан 29 миӊ сомго бааланган 575 килограмм абрикос өрүгүн алып, акча каражатын бир жуманын ичинде төлөп берем деп убада кылып, төлөбөстөн кетип калганын билдирген. Арыз райондук милициянын КЖБРне катталып, “Алдамчылык” беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү болгон жарандын өздүгү аныкталган. Ал Орусия мамлекетинин 40 жаштагы жараны М.М. болуп чыкты.

Шектүү М.М. республиканын аймагынан учуп кеткени жатканда, аэропортун кызматкерлери тарабынан кармалып, Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, М.М., алдамчылыктын дагы 60 учуруна тийиштиги бар экендиги аныкталып, райондун жергиликтүү тургундарына 2 миллион 300 миӊ сом зыян келтиргени белгилүү болгон.

Бардык аныкталган учурлар боюнча жабырлануучулардан арыздар алынып, райондук милициянын КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш ишине алынды. Шектүү катары кармалган жаран, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: