Салык кызматы 7 айда 2 млрд 832,4 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 7 айында 55 млрд 546,9 млн.сом салык жана төлөмдөрдү чогулткан.

Белгиленген план 105,4% га аткарылган же 2 млрд 832,4 млн сомго ашыкча аткарылган.Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык жана төлөмдөрдүн түшүүсү 15 млрд 94,6 млн сомго көбөйдү же өсүү ыргагы 137,3% түздү.

Мында ИДПга карата кирешелердин үлүшү 16,49% ды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,71 пайыздык пунктка көбөйгөн.Анын ичинде республикалык бюджетке 44 млрд 819,2 млн сом түшүп, план 105,3%га аткарылган же 2 млрд 244,8 млн сомго ашыкча аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12 млрд 423,4 млн сомго көп (өсүү темпи 138,3%).Жергиликтүү бюджетке 10 млрд 727,6 млн сом чогулуп, план 105,8% га аткарылган же 587,7 млн.сомго ашыкча аткарылган. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу келип түшүүлөр 2 млрд 671,1 млн сомго көбөйдү же өсүү ыргагы 133,2% түздү.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: