Махмудов Олимпиадада алтын алуу жана муктаждарга жардам берүү анын бала кезден берки кыялы болгонун белгилеп, өзүнүн Олимпиадада кийген трикосун аукционго коюп жатканын инстаграм бракчасына жазды.

“Бүгүн бала кездеги кыялымды ишке ашыруу үчүн кайрымдуулук ишмердүүлүгүмдө алгачкы кадамды баштап жатам. Азырынча Олимпиадага кийген кийимимди аукционго коюп гана ишти баштай алам. Кааласаңар ал жакка кол тамгамды калтырам. Андан түшкөн каражаттын баарын кайрымдуулук фондуна берем. Сураныч, мени колдоп бергиле! Жакын арада кайрымдуулук иштерин жасоого мындан да башка мүмкүнчүлүктөр пайда болот деп үмүттөнөм. Эгер аукционду Бишкек шаарынын тургуну утуп алса, кийимди өз колум менен тапшырам. Баштапкы баасы 50 доллар”, — деп жазган спортчу.

Ал аукцион август айынын аягына чейин (31-август 20:00) улана турганын айтып, бааларды посттун алдына жазса болорун кошумчалаган.

Кыргыз өкмөтү Олимпиададан байге алган спортчуларга жана анын устаттарына ири суммада сый акы берилерин убадалаган. Ага ылайык, күмүш медаль тагынган Акжол Махмудовго мамлекет  7 миллион сом берет.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: