Бүгүн 20-августта АКШнын Бишкектеги элчилигинин жанында Ооганстандан келген качкындардын митинги уланды. “Бизге жардам керек!” деп кыйкырышып Америка менен Канаданын желектерин колуна кармап турушат. Алар АКШга, Канадага же Батыш Европа өлкөлөрүнө кирүүгө уруксат ошондой эле тиешелүү документтерди берүүнү талап кылышууда.

«Биз 20 жылдан бери Кыргызстанда жашайбыз, ыраазыбыз. Мейли Европа болобу, АКШ болобу, Кыргызстан болобу же башка өлкөлөрбү бизге паспорт берүүсүн суранабыз», – дешет митингчилер.

Ушундай эле митинг кечээ, 19 -августта өттү. Бир нече сааттан кийин чогулгандар тарап кетишти, анткени бул акцияга Бишкек мэриясынын уруксаты керек экенин айтышкан. Митингчилердин биринин айтымында, качкын катары алар Кыргызстандын жараны болбогондуктан, муниципалитеттен аларга эч ким уруксат берген эмес.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: