Мекемелер аралык жумушчу топ бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүүгө киришти.

БШКнын басма сөз кызматынан кабарлагандай, бул топ Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо алкагында БШК мүчөлөрүнөн, депутаттардан, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн. 19-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобунун биринчи жыйналышы өткөн. Анда Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын шайлоо округдарынын схемаларынын жана чек араларынын долбоорлору талкууланып, сын-пикирлер, сунуштар айтылды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: