Кабулдук сүрөтчү кыз Шамсия Хасани эркектердин укугу басымдуулук кылган өлкөдө оогандык аялдардын образын кыл калем аркылуу кагазга түшүргөн. Сүрөтчү ооган аялдарынын коркуу сезимин жана жаркын келечекке болгон үмүтүн чагылдырган сүрөттөр топтомун жарыялады.

Шамсия Хассанинин эмгеги Инстаграм колдонуучуларынын көңүлүн өзүнө бурдурду.

Кабул радикалдуу Талибан (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) тарабынан басып алынганына чейин Шамсия Хасани ооган аялдарынын башына келечекте кандай күн күтүп турарын сүрөттөгөн . Ал сүрөттөрүнүн бирин “Коркунучтуу түш. Ооганстан 2021” деп атаган.

 
 
 
 
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Публикация от Shamsia Hassani (@shamsiahassani)

Сүрөтчүнүн сүрөттөрү өлкөнү мындан ары талибдер башкара турган болсо, ооган аялдарынын келечеги эмне болот деген бүдөмүк ойду жараткан идея берилген.

Шамсиянын өнөрүнө суктанган интернет колдонуучулар акыркы күндөрү өлкөдөгү кырдаалга тынчсызданып, ага кантип жардам бере алаарын суранышууда.

“Кантип биз сени колдой алабыз? Сен биздин жүрөгүбүздөсүң, биз сен үчүн дуба кылабыз”, “Өзүңө сак бол”, “Португалиядан ысык куттуктоолор”, “Күчтүү бол! Биз элиң үчүн дуба кылабыз Парижден”, “Аман бол”, -деген пикирлер жазылып жатат.

Шамсия Хасани Кабул университетинде сабак берет жана Ооганстандын көчөлөрүн кооздогон граффитичи катары белгилүү.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: