Кыргызстанда эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, 14-августта УКМК тарабынан жүргүзүлгөн контртеррористтик иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун 1994-жылы туулган тургуну С.Ж. кармалды. Ал 2016-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Ислам мамлекети» эл аралык террористтик уюмуна кошулуп, Сирияга кеткен.

Андан кийин террористтик уюмдун катарына адамдарды тартуу жана алардын айрымдарын Сирия менен Афганистанга жөнөтүү максатында «Ислам мамлекети» эл аралык террористтик уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен кайра Кыргыз Республикасына келген.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында С.Ж. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аны менен кылмыштуу байланышта болгон башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: